Shou biznes (исполнитель: ♥nukura Kyrgyz bala Dobr ♥)

Сөзү: Добрдуку   
Обону: Добрдуку 
Ассалому алейкум, мени көрүп жаткан көрөрман,
Ассалому алейкум, мени угуп жаткан угарман.
Менин атым Добр болот, мен кыргыздын баласы,
Эгер уга элек болсоң анан угуп аласың.
Шоу-бизнес чөйрөсү да ырчыларга байыды,
Азап болду баарыбызга Ильяздын чыкканы.
Үнү менен кошо анын “Күндөрүбүз жаңырат”,
Канча деген сулуу кыздар Мирбегибиз деп турат.
Ак куу болуп учуп келген Кубик кызы Айпери,
Ай сымал сулуу ажары сахнанын көркү эми.
Фигурасы деле укмуш 90 60 90,
Барбы араңарда айым Кундузга дал окшогон?
Бактыгүлдөй айымдарды клиптен гана көрбөсөң,
Абайлагын, жүрөгүңө так калтырып жүрбөсүн.
Аясаңар боло кыздар Султан аттуу жигитти,
Жөпжөнөкөй жигитмин деп канча кызды жибитти.

Кыргызымдын айымдарын дебегиле деп аял,
Кенже эжебиздей айым болгусу келет Сайкал.
Каныкейди кайра-кайра коё бербей кайгысы,
Бир жак көзүн эмнегедир келе берет жапкысы.
Бекчоронун көз айнеги, ай чырайлуу келбети,
Буга чейин эч бирөө бир көрө элек чечкенин.
Билесиңби сүйүү деген кандай болот экенин? 
Мирбекчелик эч ким билбейт сүйүүнүн кереметин.
Өз туулган жэриңерге эч бир нерсе теңелгис,
Аны Темир жакшы билет экенин биз билебиз.
“Мейли эми” деген бойдон АКШ жакка кеткен,
Күтүп калдык Омарыбыз тезирээк келсе экен.
Коштошууга колу барбай шоу-бизнесте жүрөт,
Сапарыбыз кат жазуудан бошой элек көрүнөт. 
Көлөкөсү менен дайым бирге шерибиз Айдин, 
Канча деген сулуу кызды кайырмагына илди.

“Кыргызымдын жигиттерин кызганам” деп сыздаган,
Расул кызы Айгерим го, бийлеп кийин ырдаган.
Шоу-бизнес чөйрөсүндө бир фамилиялаш,
Бирөөсү Эрлан Андашев, бирөөсү Ильяз Андаш.
Өзгөчө бир стили менен ал ар дайым маскачан,
Патриоту кыргызымдын агабыз Тата Улан.
Замир менен Съездбек байкебиз дагы эле экөө,
Куткарууда “Даткайым” аттуу тасмасын көргүлө.
Атасынын жолун жолдоп Кубаныч аттуу агам,
Кара көздүү сулуу жана өзү дагы жакшы адам.
Даниель го, садагам деп ырларына сыр катат,
Алихандын кыялынан кетпей койду махабат.
Махабат аллеясында эгер азыр жүрсөңөр,
Табасыңар жаныбыз Айзатты байкап өтсөңөр.
Кыскасы, кааларым элибизге бейпилдик,
Ырчылардын баарына тең чыгармачыл ийгилик.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Ай гулим  Chiki Chiki Nikki Lee  Jorge Blanco-are you ready  Опенинг 14  Kav-Kaz feat Артя Мацакян  Авраам Руссо - Знаю 
О чем песня
♥nukura Kyrgyz bala Dobr ♥ - Shou biznes?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен