Кара көз (исполнитель: Мирбек Атабеков)

Мен эми башкамын, мен артыма кайтпаймын,
Ааламда, жалганда бир сени унутуш үчүн.
Жүрөктө так калды, көңүлүмдү ойлободуң сен,
Жүдөп чарчадым. 
Сени эстеп сагынган, кайрадан кайгырган,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.

Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың, 
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалгандан өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.

Мен эми кайгырбайм өткөн күндөрдү эстеп,
Сүйүүгө кабылган тагдырга таарынбайм.
Адашкан ак сүйүүм, азгырба мени, азгырба. 

Сени эстеп сагынган, кайрадан кайгырган,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.

Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың, 
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалгандан өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Горит мой яростный пукан JesusAVGN  Вечная любовь на французском  Vitamin не моя  Little Bird Little Bird Elizabeth Mitchell  Минус 5 Round  Каракат-айналайын  Не Врал Navai 
О чем песня
Мирбек Атабеков - Кара көз?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен