Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Гүл болуп ачылайын, сага карайын,
Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын.
Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын,
Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын.

Кайырма:
Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат,
Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат. 
Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет.
Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет.

Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот,
Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот.
Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот.
Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот.

Кайырма:

Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат,
Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат.
Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат,
Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат.

Кайырма:
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Запомни миг  Группа кеды  Я люблю дедушка  Крид рэп про любовь  Беретка  Мы фармим фармим  Жодино  WHITE BROW 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен