Кызыма (исполнитель: Айар)

Апапак сенин бетиңден, кызым,
Аймалап жыттап эзилсем, кызым.
Алланын берген белеги сенсиң,
Аябай окшоп бейишке жытың.

Жайлоодо гүлдөй ачылган, кызым,
Жалтырап нурдай чачыңдан, кызым.
Жараткан өзү мээримин төгүп,
Жүрсүнчү сылап башыңдан, кызым.

Кайырма:
Жаралган аруу сезимден, кызым,
Жалжылдап жанган көзүңдөн, кызым.
Жараткан мага "мен бармын" деди,
Жөнөтүп белги өзүңдөн, кызым.

Көзүмө сүртсөм өңүмбү, кызым,
Көөдөнгө нуру төгүлдү, кызым.
Кудайым колдоп көтөрүп турчу,
Күлкүң көп чыгып көңүлдүү, кызым.

Кайырма:
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Гимн болгарии  Сестре от сестры  Hajime no Ippo HEKIREKI  High School DxD Trip Innocent of D  Hajimete no Koi ga Owaru Toki  Havata 2011 Mihran Tsarukyan  Мой аварец - Лаура Алиева 
О чем песня
Айар - Кызыма?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен