Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайымды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш белең кыздардын жүрөгү?

Кайырма:
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен дегем!
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Мен убакыт санап,
Жолуңду карап.
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү.

Кайырма

Сагынычта өткөрөмүн күндөрүмдү,
Ойго салып, оорутпачы көңүлүмдү.
Билесиңби сен, сезесиңби сен?
Күтүү менен күн өткөрүп жүргөнүмдү.

Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Кай метов  Любовь обман курите  Мой проект  Едет поезд  Out my heart  Название песни  Господи Спаси и Сохрани Каста 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен