Жолукпай калсам эгер (исполнитель: Гульнур Сатылганова)

Жолукпай калсаң эгер, 
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер, 
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегенде муздайт денем.

Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгом.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом?
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак,
Калсаң сен жолукпастан?

Ырларым сага арнаган,
Каз туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Нервы гамора  Одной любви  Милион алых  Сага о орлах  Скучаю мафик  Те дни мафон  Би2 рок н рол  Рэнди ортон wwe 
О чем песня
Гульнур Сатылганова - Жолукпай калсам эгер?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен