Сезе бил (исполнитель: дуэт Non Stop)

Зымырап, зымырап мезгилиң токтобой,
Кубулат, кубулат өткөндү жоктобой.
Жаркытып жер бетин, чачып кал берметиң.

Ай-жылдызга алмашылбас жаркын
Ар бир күнүң баа жетпеген алтын,
Учурунда сезе билгин баркын ар дайым.

Ай-жылдар – аккан дайра,
Кайрылбас артка кайра.
Жадырап күлүп-жайна,
Жакшыга үмүт байла.
Эң бийик асман Айга
Жетесиң тапсаң айла,
Максатыңдан тайба!

Кинодой көркөм тасма,
Күнүгө дүйнө башка.
Эскиче ойду таштап,
Жаңыча жашай башта.
Өтүнөм: үнсүз турба,
Өмүрдү бөлөп нурга,
Ырда, жүрөк, ырда!

Үмүт үзүлбөсүн,
Бекем бололу,
Башты оболу
Көтөргүн жогору.
Кабак түйүлбөсүн, 
Күлгүн кезиңде 
Сүйүүнү уюткун сезимге. 

Ай-жылдар – аккан дайра,
Кайрылбас артка кайра.
Жадырап күлүп-жайна,
Жакшыга үмүт байла.
Эң бийик асман Айга
Жетесиң тапсаң айла,
Максатыңдан тайба!

Зымырап, зымырап мезгилиң токтобой...
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Better alone  Maria Mena Habits  The national conversation 16  Video  His world  Ругер  Чп гуф  Runing 
О чем песня
дуэт Non Stop - Сезе бил?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен