Суйом дечи (исполнитель: Жаныбек Онолбаев)

Күндө барам терезеңдин түбүнө, 
Кайтам анан күтө-күтө түңүлө. 
Чыгып мага жан сырыңды ачсаңчы, 
Барам сага үмүт үзбөй күнүгө.

Кайырма:

Сүйөм дечи, күтөм дечи асылым, 
Сага айтам асыл ойдун ачыгын. 
Ашык болдум сендей чүрөк, күн-айга, 
Байкабай же байкабай жүрөсүңбү жаркыным.

Карагаттай коюу кара көзүңдөн, 
Балы тамган назик шыбыр сөзүңдөн. 
Жүрөгүмдү ээлеп алдың жан эркем, 
Сүйгүм келет ай жамалдуу жүзүңдү.

Кайырма:

Чыксаң үйдөн жеңең алат чакырып,
Чатак салып, чаңды көккө сапырып,
Кантем анан көрүп, сүйүп сулууну,
Жүрөк өзү тандап алса жактырып3.

Кайырма:
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
DeeLay  Капи как тебя зовут  Красивый текст  Sevdim seni nece  Fast Flow h1Gh FIKE dom1no Лоик Mc ER  Одна И пусть еще помимо есть  Блокада читает автор Юрий Воронов 
О чем песня
Жаныбек Онолбаев - Суйом дечи?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен