Карындаш (исполнитель: Султан Садыралиев)

Кериле басып акырын,
Келишкен мүчөң асылым,
Кер маралдай басыгың.
Ак куудай мүчөң келишкен,
Айдайым сулуу периштем,
Ай ааламдан сени издейм.

Булактай ага бер,
Кылыгың болсун мага дем,
Карындашым болуп эми кала бер.
Булактай ага бер,
Кылыгыңды мага бер,
Карындашым болуп эми кала бер.

Кайырма:
Карындашым карегиңден айланам,
Карындашым кирпигиңе байланам.
Көзүңдөгү аруулукту арбагам,
Өзүңдөгү сулуулукка таң калам.

Кантеин эми карындаш,
Жан болбос сени сагынбас,
Өткөн күнүң кайрылбас.
Кылыктуу кызсың секелек,
Кыялыңды жетелеп,
Эркетайым эселек.

Булактай ага бер,
Кылыгың болсун мага дем,
Карындашым болуп эми кала бер.
Булактай ага бер,
Кылыгыңды мага бер,
Карындашым болуп эми кала бер.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Божья благодать  Хошина Утау- Taiyou ga Niau yo  Пес - так близко  Голубица моя  Red spasi vaxvan  Melhem Barakat - El Azab ya habibi  Патриарх Кирилл missis Garrison 
О чем песня
Султан Садыралиев - Карындаш?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен