♥Мен дуйнону апам менен тааныгам.♥ (исполнитель: Самара Каримова)

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Jenissi nobody  Где твои 15 лет  Дахаран наькъ 2014 MS1 Рамиль Тарамов  Time Will Call Your Name  The decemberists the crane wife 3  Кдк больше красок  Сати казанова до расвета  Без билета- танцуй 
О чем песня
Самара Каримова - ♥Мен дуйнону апам менен тааныгам.♥?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен