molturogon (исполнитель: zamir_arykbaev_mirbek_masaliev)

Эркелесең кулпуруп өзгөчөмсүң,
Элигиндей талаанын
Аруулардын кечеги данегисиң, 
Ай үстүндө маралым.
Адамзаттын ажарлуу көркөмүсүң,
Күндөй ачык кабагың,
Көңүлдөгү сезимдей эрке кушуп,
Сагынычтын шамалы.

Кайырма:
Мөлтүрөгөн, мөлтүрөгөн
Мөлтүрөгөн жанарың...

Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң,
Оттой неге жанамын.
Жүрөгүмдө жаралган махабатым,
Жоодураган каралдым.
Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе,
Көзүмдү албай карадым.
Өз теңимди таба албай жер бетинен,
Бакытыма бааладым.

Кайырма:

Сызып учкан ак куудай көл бетинен,
Аппак экен тамагың.
Жадыратар жолумду, өмүрүмдү
Үлбүрөгөн жамалың
Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң,
Барбы менин амалым
Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн
Мөлтүрөгөн жанарым.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Слайс ми найс фенси  V puti  Roya belkede  Stan sb - dead  Просто да ридо  Шаг легенды про  На окраинах жека кто там goa  Здорава 
О чем песня
zamir_arykbaev_mirbek_masaliev - molturogon?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен