Тагдыр (исполнитель: Мирбек Атабеков)

Элесиң көз алдымда,
Карагансыйт таарына,
Салып сүйүү зарына мени.
Сүйөрүңдү башканы,
Чындык сенден качканы,
Өкүндүрүп, сыздатты мени.

Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?

Кайырма:
Бакытым белең мага бир келген,
Жалындап жүрөк эңсеген?
Көктөн тилеген күндөрүм менин,
Кеттиби, жаным, сени менен?
Үмүттөр өчтү, сезимди өттү,
Тагдырым мени кыйбады,
Тагдырым, неге мени кыйнады?

Таразасыз тагдырдын талабына батырдың,
Таштак жолго калтырып мени.
Мейли сенсиз күн өтсүн,
Мейли мезгил, жыл өтсүн,
Сүйө берем түбөлүк сени.

Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?

Кайырма
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Groove Armada Madder  Groove Armada Think Twice  Groove Armada Final Shakedown  Groove Armada Hands Of Time  Cool Vibes  Groove Armada But I Feel Good 
О чем песня
Мирбек Атабеков - Тагдыр?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен