Баркымды билгендердин эсиндемин (исполнитель: Кыргызбай Осмонов)

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин, 
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Тореадор  Traffic John Barleycorn  Traffic You Can All Join In  Traffic Hidden Treasure  Traffic The Low Spark Of High-Heeled Boys  Доктора  На сердце боль в стакане яд Танцы минус 
О чем песня
Кыргызбай Осмонов - Баркымды билгендердин эсиндемин?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен