Ыр майрам (исполнитель: Актан Исабаев, Ырыскелди, Сат)

Ырыcкелди Осмонкулов, Адил Чекилов, Актан Исабаев "Ыр майрам"
Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.

Ыр майрам - салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.

Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.

Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.

Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.

Кайырма:

Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.

Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Django Reinhardt Belleville  Silent Shout The Knife  Гиперборея  Не бойся не бойся не бойся ведь  A PRUEBA DE TI  Странница 
О чем песня
Актан Исабаев, Ырыскелди, Сат - Ыр майрам?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен