Кайрылбаймын (исполнитель: Нияз Абдразаков)

Сагынба мени, жаным,
Кайрылып бара албаймын.
Бактылуу өткөн күндү,
Кайтарып бере албаймын.
Махабат талаасында,
Биз бирге боло албадык,
Сүйүүнүн кадырына,
Айрылдык, жете албадык,

Кайырма:
Жүрөктү өрттөп сезим,
Айрыды бизди неге?
Адашып калдыкпы же, билбейм,
Айрылдык неге?
Сүйөм деп айткан сөзүң,
Унутуп калдың беле?
Жалган бир сөзүңбү же, билбейм,
Алдадың неге?

Жүрөгүм эми алсыз,
Өрттөнүп күлгө айланды.
Күндөрүм сансыз, сансыз,
Караңгы түнгө айланды.
Болду эми унут мени,
Артыма кайрылбаймын.
Унутам мен да сени,
Болду эми кайгырбаймын.

Кайырма:
Жүрөктү өрттөп сезим,
Айрыды бизди неге?
Адашып калдыкпы же, билбейм,
Айрылдык неге?
Сүйөм деп айткан сөзүң,
Унутуп калдың беле?
Жалган бир сөзүңбү же, билбейм,
Алдадың неге?
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Begin on your knees  Новогодняя блестящие  Anna Maria Jopek A gdybysmy sie nie Spotkali  Nightwish-Amaranth  Потап и Настя- Всё пучком  Просто у любви шальной был сегодня выходной Нэнси  We butter the bread with butter backe backe kuchen  Glide 
О чем песня
Нияз Абдразаков - Кайрылбаймын?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен