Садагам (OST "Салам Нью-Йорк") (исполнитель: Kanykei)

Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн.
Айтайын деп дарманың жок айтышка,
Башты салып кайра артка барышка.

Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимдерге нелер гана чөкпөгөн.
Жылуу кийин жолдор узак дешчи эле,
Кыйын күндө апам жапкан нанды эстей.

Сен кайгырба…
Көңүл калды деп,
Өмүр жарды деп,
Садагам!!!
Сага арналган,
Ар бир күнүмдү,
Теңебегин,
Санаага!

Кантсе да жашоо белек!
Кантсе да жашоо белек!

Таарынбагын, тагдыр өзү тараза,
Таарынганда айтчы жаным не пайда?
Бул күн өтүп, нечен күндөр таң атаар,
Өзүңдү өзүң кечире бил садагам.

Сен кайгырба…
Көңүл калды деп,
Өмүр жарды деп,
Садагам!!!
Сага арналган,
Ар бир күнүмдү,
Теңебегин,
Санаага!

Сен кайгырба…
Көңүл калды деп,
Өмүр жарды деп,
Садагам!!!
Сага арналган,
Ар бир күнүмдү,
Теңебегин,
Санаага!

Кантсе да жашоо белек!
Кантсе да жашоо белек!

Сен кайгырба…
Көңүл калды деп,
Өмүр жарды деп,
Садагам!!!
Сага арналган,
Ар бир күнүмдү,
Теңебегин,
Санаага!

Кантсе да жашоо белек!
Кантсе да жашоо белек!
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Розенбаум давай к плите хорошая моя  Гамора Лис(MC LIS) - Есть я  Виновата война Вахид Аюбов  Kristina si начинаю забывать  White Sound почему  Ice Flower Yuna Kim  Дима карташов- о чем она молчит 
О чем песня
Kanykei - Садагам (OST "Салам Нью-Йорк")?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен