Erkelep (исполнитель: K.A ft Begish)

"Жаным" - деп эркелеткин, жалгыз адамыңды,
Жалгызыңа арнагын махабат санатыңды.
Келдиби кезеги тунук сүйүүңдүн?
Жаратканың жаныңа бир адамды кааладыбы?
"Жаныма келчи" - дечи, "Колуңду берчи" - дечи,
"Сени сүйөмүн" - дечи, таза сүйүүнү сезчи.
Эрке сезимдер, эрке кыялдар,
Жүрөктүн толкундарын сен элестетчи.

Кайырма:
Эркелеп кучагыма сен келчи,
Эрмектейм, эрмектейм.
Колуңду мага гана сен берчи,
Ээрчитем, жетелейм.
Шыбырап "Сени сүйөмүн" - дечи,
Бул сүйүү отун жалгызым сезчи.
Экөөңдү бирге кылган бул - сүйүү желеси,
Өмүр бою сүзө турган бул - сүйүү кемеси!

Ойлонсоң, ойгонсоң, эшикке махабат келди.
Сулуунун жүрөгүн кармап, сага гана берди.
"Бул сенин сүйгөнүң, аны эч оорутпа!" - деди.
Кандай гана көз ирмем, мына керемет сезим!
Балким, бул сенин балдарыңдын энекеси.
Коргой билгин, жигиттик деген өтө оор кесип.
Өмүр бою кармашып, колдоруңар ажырабай,
Аял затын таарынтпа, бала, болсун эсиңде!

Кайырма

Элестет мени, "Жашооңдогу белеги" - деп.
Эркелеп, ал сулуу жаныңа бат келет.
Өмүрүн сага арнап, колуңдан жетелеп,
Бул ырымда бүт айымдарга, мындай назик кеп:
Кармашып колуңар, бирге жолуңар,
Жашооңдун жарымы, бир замат жолугат.
Жүрөгүн уурдап алып, аны өзгөлөрдөн кат!
Сүйгөн жүрөк, бири-бирине таарынычы жарым саат!
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Iggy Pop I Got a Right  Iggy Pop Gimme Some Skin  Iggy Pop Run Like A Villain  Iggy Pop Eat or Be Eaten  Example - Kickstarts  Iggy Pop Down On The Street  Iggy Pop Raw Power  Iggy Pop Look Away 
О чем песня
K.A ft Begish - Erkelep?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен