Кыргыз жери (исполнитель: Саламат Садыкова)

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, 
Аскасы гог асманга тийген кезде, 
Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо, 
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. 

Улуусуң, Кыргыз жери, нурдан бүткөн, 
Суулуусуң, Кыргыз жери, ырдан бүткөн. 

Ысык-Көл жердин көзү, кырлар кашы, 
Адырлар көкүрөгү, токой чачы. 
Дайралар кан тамыры, чоку таажы, 
Седеби, топчулары ар бир ташы. 

Кең түздүү, гүл денелүү Кыргыз жери 
Күн жүздүү, берекелүү Кыргыз жери. 

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, 
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде, 
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, 
Дил жаркын, таң күлкүсүн чачкан кезде. 

Көркүңө көрк кошулар, Кыргыз жери, 
Сезилет ата мээри, эне мээри.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Кайрат журегимди  Азис и малина- черните очи  Zehir gibi  G-d top  Monica Avanesyan  Love lie still love  Журегим жылап жатыр  Sasha MiLE prod 
О чем песня
Саламат Садыкова - Кыргыз жери?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен