Махабатым сен (исполнитель: ОМА)

Көргүм келет сени күндө,
Көлөкөңө зар болуп.
Алтыным, түшөм жалынга,
Көлдөй толкуп.
Көңүлүмдө көкөлөймүн жар болуп,
Жаркыным, жүрсөң жанымда.

Кайырма:
Махабатым сен,
Ыйык кушум сен ыйык жандай.
Айлуу түндөр, ай,
Арбайт жарык шамдай.
Махабатым сен,
Көкөлөп чалкып учкандай.

Сагынычтан арылбадым,
Саамайыңа байланып.
Алтыным, жаным, эзилдим,
Канат болуп кагылайын.
Карегиңден айланып,
Жаркыным, арнап сезимди.

Кайырма:
Ак дилимден төгүлөйүн алдыңа,
Адамзатка асыл биздин санжыра.
Жадырап күн нурундай,
Жарашып эгиз талдай,
Боз үй тигип махабаттын айылына.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
NY-ZA -  Immaterial Monarch Poordream  Lohanta  Ол Сити  Мы пересекли черту  Es eka  Я сегодня расстался с тобой Олег Янченко  Ты для меня кот балу 
О чем песня
ОМА - Махабатым сен?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен