Сен тарап дайым агарат (исполнитель: Рысбай Абдыкадыров)

Сөзү : Т.Эргешовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку

Өмүрдө өксүп өткөнүм,
Өзөккө өрттү төккөнүм.
Эзилип жүрөт жүрөгүм да,
Эсиме түшүп өткөнүм.

Ошол түн мага от болуп,
Көзүмө кызыл чок конуп.
Өзүмө өзүм көрүнбөй да,
Баратат окшойм жок болуп.

Өзүмдө жүрүп күнөсүм,
Өзгөрүп кетип мүнөзүң.
Күчөгөн күйүт куйкалап да,
Күнөөлүү болдум мен өзүм.

Сүйүүнүн күчүн белгилеп,
Кеберсип калды бир илеп.
Сен тарап дайым агарат да,
Жарыгы жанып берилеп.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Леонид Русанов  Мой мир (Киев днем и ночью)  Нет уходи  Я так рад что тут  Р а с с в е т  Серов Не надо  Женевьевы 
О чем песня
Рысбай Абдыкадыров - Сен тарап дайым агарат?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен