Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни (исполнитель: Государственный гимн Киргизской ССР)

Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.

Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу совет калкыга,
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү — лениндик партия.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.

Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
Түбөлүккө коммунизм курабыз.

Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Voltaire The Happy Song  Voltaire Wall of Pride  Voltaire Welcome To The World  Voltaire Believe  Voltaire Hallo Elskan Min  Voltaire Born Bad  Voltaire Goodnight Demonslayer  Toad The Wet Sprocket Walk On The Ocean 
О чем песня
Государственный гимн Киргизской ССР - Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен