Тун чурогу (исполнитель: Дайыр Исмадияров-)

Жамынып ай шооласын каректериң,
Үлбүрөп жаз гүлүнөн элестериң.
Тартылып коюу түндүн кучагына,
Татынам, тамшандырып,
Татынам, тамшандырып кайда кеттиң?

Кайырма:
Эй, түн чүрөгү, түн чүрөгү,
Мерезби ушунчалык кыздын жүрөгү?
Эй, түн чүрөгү, түн чүрөгү,
Айыпсыз сен деп сыздап,
Күнөөсүз сен деп сыздап, 
Жигит жүрөгү.

Түн келет айсыз, бирок жылдыз жарык,
Дайныңды түндөн издейм суроо салып.
Оо, менин көрдүңөрбү чүрөгүмдү?
Бир келген жылдыздардай.
Кайрылгыс бакытымдай кетти кайып.

Кайырма:

Түнкү шаар сулуу тартып сени менен,
Ак жамгыр сырлуу тамып турган беле?
Өмүрдү караңгыга чулгап коюп,
Кай жерди жарык кылып.
Кай жерди жарык кылып, 
Жүрдүң экен?
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Хизир Фаргиев  Shami killa voice  Джамал ТГК  Wow wow 1 klas  Massari only if i  Акакия Церетели  Anti the Holic VOCALOID Megurine Luka  Владимир Владимиров 
О чем песня
Дайыр Исмадияров- - Тун чурогу?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен