Карындашым ://.com/edinyi_kyrgyzstan (исполнитель: Добр)

Аяйым карындашым, сен төрөлгөн жаңы,
Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып.
Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы, 
Сени колго алып өтө кубанганым.
Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө баары, 
Алгач кадам шилтеп, тай-тайлагандарың.
Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың,
Алгач өнөрлөрүң чыга баштаганы.
Жүрөгүмдө турат, ошол күндөр эсте,
Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил. 
Убакыт келди окшойт, чоңойдун сен дагы,
Түгөйүң менен кошо ээрчишип кетип калдың. 
Ата-энең, агаң, синдиң менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин.
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым, акпасын көз жашың,
Бактылуу бол, жарың менен кол кармашып.
Ата-энең жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарыңа тапшыр.

Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө,
Үй-бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө.
Жарың менен кошо сүрө турган жашооң,
Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп. 
Жарың болсун ата, а сен болчу эне,
Мен дагы сүйүнүп болоюн таяке.
Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр. 
Кудай үй-бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн,
Кайда жүрбө дайым, болгун эсен-аман.
Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан,
Экөөңөр кармашкан колуңар үзүлбөсүн.
Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй-бүлөсүң.
Ата-энең, агаң, сиңдин менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин. 
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө, 
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым, акпасын көз жашың,
Бактылуу бол, жарың менен кол кармашып.
Ата-энең жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарыңа тапшыр.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
String of Blinking Lights OST Penelope Paper Moon  Поколение 210  Ziad Bal O Paret Dadam Vahid Kharatha-2012  Back to Tomorrow -English ver- TVXQ DBSK  Master Flow Battle ПРОМО  Receptor - Princess WODB MIX BY DJ PROFIT  The Starting Sky Fairy Tail 11 Opening Plus  Almost Human High Contrast feat Clare Maguire 
О чем песня
Добр - Карындашым ://.com/edinyi_kyrgyzstan?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен