Карындаш (исполнитель: Айар)

Карындаш, жүрөгүмдү козгодуң,
Карегиң карегиме кадалганда.
Кайталап көргүм келет өзүңдү,
Сагынычтарга мен батканда.
Көздөрүң мөлтүрөгөн карагат,
Көргөн жан эңсеп сени тамшангандай.
Ирмелет кирпиктериң жаралап,
Сезимге жалын жаккандай.

Кайырма:
Сага махабаттын гүлдөрүн сунам,
Мага чын жүрөктөн жылмайып койсоң.
Жаным, балдай ширин сөздөрүң менен,
Сүйөм деп, сүйөм деп койсоң.

Карындаш, назданасың эркелеп,
Ансайын ашык болдум жамалыңа.
Жалындап кол кармашып түбөлүк,
Ойгонсок ар бир аткан таңда.
Серпилип маңдай чачың таралат,
Секетим, сен маралдай басканыңда.
Сүйөм деп койчу мени дарылап,
Сүйүүсүз алдан тайганда...
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Тимоня берегиня  Все что тебя касаетс  Опен кидс мы нашли друг друга  Солнце встает но для меня оно  D1N feat MrVeN -Так хочу вернуться туда  Сталкер звук пда  Сталкер звук пда на смс  Короткие звуки из сталкера 
О чем песня
Айар - Карындаш?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен