Барам сага (исполнитель: Мирбек Атабеков)

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде 
Асманга ак шумкаарлар учкан кезде 
Саамайларын сеңселткен аккайыңдар 
Самашып сагчымды уккан кезде барам сага 

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде 
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде 
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз 
көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага 

Ширесин карагатар чачкан кезде 
Ажарын жоогазындар ачкан кезде 
Кучактап бийик учуруп түн куйунун 
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага 

Гүлдөргө аарылары конгон кезде 
Бал чөбү ой арманын соргон кезде 
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей 
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага....
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Lupe Fiasco American Terrorist  Моя морячка  Brian Eno Fat Lady Of Limbourg  Chocolate Chip Cookies in English Wise Guys  Nero into the past  Вот так то  Хоть и не с самого 
О чем песня
Мирбек Атабеков - Барам сага?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен