"Мен сүйгөн менен пайда жок" (исполнитель: Нурмат Садыров)
Мен сүйгөн менен пайда жок, Кантейин, жаным, айлам жок. Көнбөдүң сүйүүң барчудай, Көңүлүм болду калчудай. Кайырма: Балбылдап көздөрүң кара-кара, Айта албайм сүйүүмдү сага гана. Айтайын, башканын кереги жок, Жылмайып жылуулук берчи мага. Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм, Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм. Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн, Арманым айтчы, ким үчүн? Кайырма: