Сен кат жаздын (исполнитель: Минюра Рахимжанова)

Сен кат жаздың, катыңда бар сүйүнүү,
Сезимдеги сырларыңдын түйүнү.
Сага бирөө жүрөк сырын ачканбы,
Сунганбы же бал катары сүйүүнү?

Сен кат жаздың, кубанычың батпаган,
Сүйүү мына ишеничиң актаган.
Бар байлыкты эми бекем сактай бил,
Бакыт деген бир ордунда жатпаган.

Кайырма:
Мен кат жаздым, тагдырыңа таарынба,
Башка түшөт кыйынчылык баарына.
Жашык болбо, сабырдуу бол,
Жазганы бар сенин дагы багыңа.

Сен кат жаздың, катыңда бар кусалык,
Калгандайсың кайгы-муңга тушалып.
Бир кездеги сүйүү балын таткызган,
Билинбестен кеткен экен уу салып.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Вопросы койот  Танцуй- Андрей маликов  Sende gosul brat mene Орхан Алиев  Erik Christiansen - Cosmic Girl  Скруджи устали глаза  Matanga я обещаю  Прими любовь Храни тепло моей  Анна Герман Подарок милому 
О чем песня
Минюра Рахимжанова - Сен кат жаздын?
ЖиvY (ME)4ТоЙ 24 сен 17:11
very good!
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен