suranamyn kechir meni)).com/audios151346691 (исполнитель: Mirbek Atabekov)

Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп.
Сага жагыш үчүн издеп айла,
Жалган айтып алдадым.
Сени жоготуудан коркуп анда.
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Сенсиз калдым эми жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издеп айла,
Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда?
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Эми сенсиз калдым жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Суранамын кечир суранамын.
Кубанычым болуп, кучагыма толуп,
Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай.
Аясаңчы мени жалгыз калтырбай,
Суранамын кечир мени!
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Яриак  Gevor  Shukur  Дюша метёлкин  Nurlan Alimjan  FoLkPro  5sta- 
О чем песня
Mirbek Atabekov - suranamyn kechir meni)).com/audios151346691?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен