Балама (исполнитель: Султан Садыралиев)

Кадам таштап алдыга,
Өсө бергин, Ак мырза.
Элиңди сүйгөн, жериңди сүйгөн,
Элиңе болгун мырза.
Уулу болгун кыргыздын,
Жолун жолдо Чыңгыздын.
Кагылайыным, ананайыным,
Кенен болсун ырыскың.

Кайырма:
Балакайым, балам ай,
Белек кылган Аллам ай.
Буюрса, эр жетилип,
Болгун бабаң Манастай.

Бакта булбул сайраган,
Бал тилиңден айланам.
Сүйлөсө ширин наристе тили,
Кылыгыңа канбагам.
Сенден бүткөн бул аалам,
Туягымсың улаган.
Ардактап муну, атанын уулу,
Болгонуңа кубанам.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Лена третьякова я  Stay without you  Группа возвращение  Serial Violetta  Rap online radio  Тверь-москва  Dj ozi-if you want to be my boy  Вахид Аюбов на чеченском 
О чем песня
Султан Садыралиев - Балама?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен