Аруузатым (исполнитель: Аскат Мусабеков)

Сөзү: Э. Иманалиевдики 
Обону: Э. Иманалиевдики 

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Тагдыр мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Тбили Жека Кто ТАМ наизусть  Avi kaplan  Isole By Blood  Schokk dandy  Не верь братуха сукам 2011 Капа Каста Гуф  Pray-лишь те  Тгк-всем  Сны улетают ассоль 
О чем песня
Аскат Мусабеков - Аруузатым?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен