Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Биздин баштан эмнелер гана өтпөгөн, Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн. Айтайын деп дарманың жок айтышка, Башты салып кайра артка барышка. Биздин баштан эмнелер гана өтпөгөн , Сезимдерге эмнелер гана чөкпөгөн. "Жылуу кийин! Жолдор узак!," - дешчү эле, Кыйын күндө апаң жапкан нанды эсте ! Кайырма: Сен кайгырба "көңүл калды"-деп "Өмүр жарды"- деп садага. Сага арналган ар бир күнүңдү теңебегин санаага ! Кантсе да жашоо белек ! Таарынбагын тагдыр өзү тараза, Таарынганда айтчы Жаным эмне пайда? Бул күн өтүп нечен күндөр таң атаар, Өзүңдү озүң кечире бил Садагам! Кайырма: