Таарынба (исполнитель: Таалай Бектурганов)

Таарынба садагам таарынба
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.

Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?

Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.

Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.

Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Johnyboy американская мечта  6-й псалом  Love is it Bloom  Ara martirosyan bala bala bala bala  Fahmi ох  Жена сотона  Ой жаль жаль 
О чем песня
Таалай Бектурганов - Таарынба?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен