Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Байлыгым жок деп кайгырба,
Ден соолук сенин байлыгың.
Он эки мүчөң соо турса,
Ошол да сенин бай күнүң.
Ал-күчүм жок деп кайгырба,
Акылдан өткөн чоң күч жок.
Акылсыз баатыр сак жүрсө,
Акылы көптө көңүл ток.

Кайырма: 
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.
Бакытым жок деп кайгырба, 
Ыйманда сенин бакытың.
Баспасаң мечит тарапка,
Бакыттан сенин качышың.

Кайырма: 

Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
Акылым жок деп кайгырба,
Акылдуу болуш аста-аста. 
Акылман сөзүн көп уксаң, 
Акыл да келет кырк жашта.

Ай-ай-ай-ай-ай

Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.
Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.

Кайырма:
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Death Moment of Clarity  Нервы- в каждой минуте  Death Intro  Death Keep On Knocking  Healing Incantation  Death Freakin Out  Death Politicians in My Eyes  James horner hymn to the sea 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен