Туулган жерди сагынуу (исполнитель: Гульнур Сатылганова)

Уйкуман серпилгенде алыс жакта
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет (х2)

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн
Апалар таңдан туруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн (х2)

Туулган жер кудуретин сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет (х2)
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Heart damage eunjung  Песня николки  Город 312 Новый гимн Олимпиады в Сочи 2014  Канат мазаламайын  Сердцу надоело гонять любовь  Соломина ты симпотичен  Kendin Ol Yeter Deniz Yildizi  Элайджа вуд 
О чем песня
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен