Болсончу мага табылга (исполнитель: Бураш)
Шылдырап аккан булактай, Сыпайы сылык убактай. Сыр чечишип бир жүрсөк, Зымпыйган жаштык курактай. Кайырма: Жамалың сиңди каныма, Муктажмын сенин камыңа. Муз тоңдурбай жүрөккө, Отурчу келип жаныма. Аралап басып бир жүрсөк, Адырдын кызыл гүлдөрүн. Арбап алдың жанымды, Ак шумкар болуп үндөйүн. Кайырма Жакындачы жаныма, Жаңсайын дагы, дагы да. Бозойдун болуп сүйгөнү, Болсоңчу мага табылга.