Сүйүү күчү (исполнитель: Гүлнур Сатылганова & Айар)

Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактыңды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүрдө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой-кыял жетелеп учкан күндөргө,
Жашоону айлантса арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүң кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн, 
Күчүнө ишендим сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Клас -твою мать  Terry Riley  Кананч кармир Сильва Акопян  Соу ю вона би э генста  Seig Klas 1 klass  Мама люба минус  Путин капут Люди  Биек тауга менеп 
О чем песня
Гүлнур Сатылганова & Айар - Сүйүү күчү?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен