ата-эне минус (исполнитель: Таалайбек Турдубеков)
Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, биригишип, Багышпайт ата-энесин эмнеге? Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага, өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө, үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эмнеге? Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө, Ойлон, дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер, ата-эненин милдетинен, милдетинен, Кутула албайсыңар тирүүңдө. Туурдан учурганын унут койбо, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан, Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.