Энекеме (исполнитель: Актан Исабаев)
Каректен кетпей элесиң, Адамзат башын ийген эле. Төгүлүп биздей мөмөсү, Арнаган жары, дүйнө эли. Ажайып белек берели, Ала-Тоо гүлүн терели. Төгүлүп күндөй мээрими, Ардактап дайым келели. Ырыскы-таалай, жалпыга каалайм, Амандык тилек айтылып келет далай. Кайырма: Энекебай, көп жаша, Жанда жүргөнүң береке. Сага болоюн көлөкө, Жаралган жалын жүрөктөн. Аруу тилектен, Ырымды ушул кабыл алгын, энеке. Боройлоп турмуш кыш болсо, Жалындап оттой жагылган – эне. Тирүүлүк эгер куш болсо, Канаты болуп кагылган – эне. Өмүрдүн болуп тиреги, Дүйнөгө тынчтык тилеги. Эң назик эне жүрөгү, Оорутпай аны жүрөлү. Жылдызды карай, канатты самай, Кайталап ырдай берем мен уктабай. Кайыпма: Энекебай, көп жаша, Жанда жүргөнүң береке. Сага болоюн көлөкө, Жаралган жалын жүрөктөн. Аруу тилектен, Ырымды ушул кабыл алгын, энеке.