онтоосу ичте журоктун (исполнитель: асема токтобекова)

Аялуу көңүл арзыган жандан муздады,
Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги?
Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып,
Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги.
Түн кирет, анан кареги мага кадалат,
Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген.
Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай,
Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн.

Кайырма:
Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн,
Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам.
Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин,
Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм.

Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо,
Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө.
Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт,
Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө.

Кайырма:

Ушундай сезим келет да кетет чочуду,
Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
24 Hours Jessica Ashley  Полюбил 2011  Goliath Preview MattyB  Kota shinzato hands  Гамора дым  Dawn of ashes scars  Ищи себя UNSTAB  Booom Avatar Young Blaze Slumdog 
О чем песня
асема токтобекова - онтоосу ичте журоктун?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен