Бакытка (исполнитель: KG Эльмурат)
Бакытка кимдер гана ишенишпейт, Бактылуулар сүйгөнү менен бирге жүрүшөт. А бирок мага окшогон бактысыздар, Өмүрүн кайгы менен өткөрүшөт. Аз калды таңдын жаңы атарына, Үмүтүм дале бакыт сапарында. А бирок кайрадан бир айткым келди, Жок белем бактылуулар катарында? Сүйгөнүм, келчи мага, келчи кайра. Баягы балбылдаган көздөрүң кайда? Эгерде сени менен бир болбосом, Жашоонун не кызыгы анда мага?