Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе,
Күйдүрүп жүрөсүң неге?
Үзүлчөөк биздин мамиле,
Элдерге окшобойт неге?
Койчу.
Сөзүңдү албадың беле,
Сүйөм деп калбадың беле.
Телефон кылам деп анан,
Күттүрүп чалбадың неге?
Чалбадым неге?

Кайырма:

Алдаба, алдаба сен,
Чалбадың не, чалбадың го сен?
Алдаба, алдабайм мен,
Чаламын деп, чала албадым мен.

Кечир деп барбадым беле,
Кечиримди албадым беле.
Чакырсам жолугушууга,
Келемин деп калбадың беле.

Элдердей жүрбөйбүз неге?
Сүйүүбүз от албайт неге?
Барам деп чыгынып жатып,
Чын эле, барбадым неге?
Келбедиң неге?

Кайырма:

Алдадым, алдадым мен,
Барбадым мен, барбадым го мен.
Алдаба, алдаба сен,
Келемин деп, келбедиң го сен.

Алдадым, алдадым мен,
Жаманмын, жакшысың сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жакшысың, жаманмын мен.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Мой талисман  The Trammps Disco Inferno  Я стану твоим ангелом Тишман Марк  Give Me Tonight Shannon  Town Called Malice The Jam  Кохав тебе  Виктор петлюра мама 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен