Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Сымбатым жашыл жаздын коркомундой, Сулуусун Болоттун Ак-Моорундой. Суйкайып журогумду жараладын, Суктантып Барпы акындын Молмолундой. А бирок, Алымкандай Токтогулдун, Тагдыр деп, башкага жар болбогунун. Ээрчишип кете бербе болок менен, Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун. Камыгып ичке сырын жашыра албай, Топко айткан ак суйуусун зарлай-зарлай. Тагдыры татаал кунго туш келсе да, Суйууго туруктуу бол Бегимайдай. Жадырап жазда толуп чыккан айдай, Жашайбыз коргон жандар суктангандай. Суйушкон бизден кийин далай жаштар, Мисалдап экообузду ыр жазгандай.