Атам менен энеме (исполнитель: Айым Айылчиева, Аяна Касымова)

Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж. Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.

Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.

Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Душа моя любовь моя  Noize mc для радиоэфира  Расстаться должны  Ты девочку свою на  Catharsis - Танцуй в огне  Рядом мое сердце  Нет нет ещё раз нет 
О чем песня
Айым Айылчиева, Аяна Касымова - Атам менен энеме?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен