Кыргызстан обондору (исполнитель: Лира Райымбекова, Анапия Райымбекова,)

Кылымдарды миң жылга толгонгону, 
Кыргыздардан кысынуу жоголгону.
Кыргыз көчү күү болуп обон созот,
Кыргыздарга кыргызстан,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.

Эзелтеден элимдин ойлонгону,
Эгемендик бүгүнкү болгондору.
Эркин турмуш, азаттык ырын ырдайт,
Эл-журтуна кыргызстан,
Эл-журтуна кыргызстан обондору.

Ырын жазды акындын Жолондору,
Ырга чыкты Ысык-Көл, Донондору. 
Ырдайт ата мекенин, эли-жерин,
Ырга кошуп кыргызстан, 
Ырга кошуп кыргызстан обондору.

Түркүн дүйнө жашоонун соболдору, 
Түрмөктөлгөн ойлордун оромдору. 
Түнү-күнү ырдалып жатса дагы,
Эч түгөнбөйт кыргызстан,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Giorgia La gatta  Goodnight and Go Imogen Heap  Giorgia Per Sempre  Giorgia La Gatta - Sul Tetto  Amos Moses Jerry Reed  Giorgia Girasole  Giorgia Voglio Solo Te  Down At The 303 The Cat Empire 
О чем песня
Лира Райымбекова, Анапия Райымбекова, - Кыргызстан обондору?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен