Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Мен сүйүүнүн жолу бүткөнсүп, Келбести көктөн күткөнсүп, Көңүлүм неге чөмүлөт кайрадан? Көз жашым неге, Неге төгүлөт? Билбейм, жалганбы? Сүйүүм арманбы? Же сезимимден жаңылдымбы? Кайырма: Махабат терең чексиз бир кенен, Тарып бир келем сага жетпей. Тагдырым сени талашып бербей, Таштады мени тун куюкка. Жүрөгүм сүйүп турат ачышып, Өзүң - деп ооруп мен айыкпай. Карааның эми зар кылып кетти, Кайтпас сапар узап кетти. Көрүнбөй сезимдер чуркашат, Кубантат, кайра ыйлатат, Сезим ойду тойгуза албай баратат. Көз жашым неге, Неге төгүлөт? Билбейм, жалганбы? Сүйүүм арманбы? Же сезимимден жаңылдымбы?