Неге сен? (исполнитель: Каныкей)
Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың? Жазды күтүп кеч күздө жан оорутуп ыйладың. Бардыгы сен үчүн, Кабагыңды бүркөбөчү. Сага деп арналат, Чыккан күн таң заардан. Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң? Караңгыга жашынып, калдың неге адашып? Бардыгы сен үчүн, Кабагыңды бүркөбөчү, Сага деп арналат, Чыккан күн таң заардан. Неге сен, неге сен гүл өмүргө ишенбейсиң? Тарчылыкка малынган тагдырды таш боор дейсиң. Убакыт термелет, Термелип жан кейитет. Кайрымдуулук жашаган, Жан дүйнөңө жылуулук бер!