Асыл тумарым (исполнитель: Абир Касенов)

Ай чыкты нурун төгүп,
Аймалап жүзүң өбүп,
Айлуу түн бизге жарашып.
Түн турат ойго чөгүп,
Түн чүрөк сени көрүп.

Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албай мен сагынбай,
Күн санап күтөм.

Кайырма:
Асыл тумарым, канбай кумарым,
Асыл тумарым, көздөрүңө мен багынып,
Сени сагынып.
Асыл тумарым, айтчы угайын,
Сырың жашырбай.
Асыл тумарым, канбай кумарым,
Асыл тумарым, көкүрөккө мен тагынып,
Сага жалынып.
Асыл тумарым, тартам убайың,
Менден жашынба.

Жүрөгүм сен деп согуп,
Жүрөмүн куса болуп,
Жүзүңдү бир көрө албай.
Карап кой көңүл коюп,
Калбайын сенсиз соолуп.

Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албай мен сагынбай,
Күн санап күтөм.

Кайырма
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Growing Up Phil Lynott  Цавт танем Бока  Fun It Queen  The Sparkling Brown Eyes Webb Pierce  Panic Station  ПОТАНЦУЙ СО МНОЙ В ДИКОМ ТАНЦЕ  Kristy are you doing okay 
О чем песня
Абир Касенов - Асыл тумарым?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен