Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Курманбек баатыр:

Кыргыз кыпчак элимдин,
Кырылган өчүн албасам.
Кырчылдашып калмакка,
Кызыл кыргын салбасам.

Курманбек атым аттанган,
Курусун менин даңазам.

Камынайлы жигиттер,
Кара таандай калмакка.
Өрт жалындай күч менен,
Өткөн өчтү алмакка.
Өксүгөн элдин айынан,
Өткөн күнгө мен капа.
Тууган элдин убалы,
Мени кантип уктатат.

Мындай ишти ойлонсо,
Кандай баатыр тынч жатат.

Энеден жалгыз туулуп,
Эресеге мен жеттим.
Жалындуу эрдин белгиси,
Жалтанбай тосот жоо бетин.

Касташкан душман көп экен,
Калкалайлык эл четин.

Туйгундарым жүрүгүн,
Душмандын көзүн каратпай.
Туу көтөрүп чыгалык,
Дүнүйө мүлкүн таратпай.

Убалын ойлоп илгерки,
Уйкудан безем таң атпай.
Айланайын кырк жигит,
Аттанып чыксак жол болсун.

Алдымдан жолум чалаарга,
Кырк жигитсиң жолдошум.

Мен айтам кулак салгыла,
Кырк жигитим калгыла.
Мелтиреген кол келди,
Мен чыгайын алдына.

Качырып берсе калмактар,
Аркамдан кирип баргыла.
Ай балта, кылыч, найза алып,
Кылычташар эр кандай.
Кылкылдаган жоо келип,
Кырылышар жер кандай.
Кызыганда чубурган,
Кызыл кандуу тер кандай.
Асмандагы тумандай,
Атып чыккан чаң кандай.

Мындай жоодон качканча,
Өлгөн жакшы жан калбай.

Кырк жигит:

Бактылуу балбан баатырым,
Биз - кырк жигит жакының.
Адамдын көөнүн курчутат,
Айтып турган акылың.

Аталаштан артыгым,
Айбаты сүрдүү жакыным.
Кыргын салып келгин деп,
Калмакты көздөй шилтегин.
Кырааным сага тил албай,
Кылчаңдасак тилдегин.
Жүр десең кошо жүрөбүз,
Кир десең кошо киребиз.
Жоого сүрдүү береним,
Жоругуңду билебиз.

Айчылык жолго аттансаң,
Амандыкты тилээрбиз.

Курманбек баатыр:

Кыргыйдай илгир болсун деп,
Кылыч тактым жанына.
Кырк жигитим табылдың,
Кырааным менин багыма.

Кырылышаар жоо болсо,
Кылчайбай киргин жабыла.
Жан аябай кирелик,
Жат душманга жабыла.
Куш салсак бирге салабыз,Курбулаш өскөн балабыз.Куруштуу болсок баарыбыз,Баатырлык такты алабыз.

Эч душманга кор кылбай,
Элди асырап багабыз
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Трубач Галина Хомчик  Empire Alpine  Донна Анна OST Господин оформитель Сергей Курехин  Бригадный подряд  Тебя не слышно  Dillon your flesh against mine  Только не говори что любишь  Без любви я одна 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен