Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Кара Жорго болбосо,
Бийдин  шаңы келеби?
Кош этек көйнөк кийбесе,
Кыздын шаңы келеби?
 
Козголушсун делебе
Кан тарасын денеге
Кара Жорго болбосо, 
Тойдун шаңы келеби?

Кайырма:

Кара Жорго бийлеңиз!
"Кой!" десе да койбоңуз
Кош жүрөктүн шаттыгын
Дал ушундай тойлоңуз!

Келе бербес ыңгайга
Мындай шартту күн кайда?
Ойноңуздар агайын 
Бийлеңиздер мындайда!

Бийле Бийле, жигиттер
Жанып турган үмүттөр
Чыкмайынча токтобо
Маңдайыңдан тунук тер

Бийле, кыздар, буралып
Бирге сайран куралы
Жалындасын от сезим
Жүрөк турсун кубанып!

Кайырма:

Кыздарыбыз наздансын
Жүрөк кылын козгосун!
Көргөн кезде жигиттер
Талып түшө жаздасын!

Ашыктарга тил катып
Жүрөктөрдү жыргатып
Кызга жигит кошулуп
Бийлөө деген бир бакыт

Кайырма:

Кара Жорго бийлеңиз!
"Кой!" десе да койбоңуз!
Кош жүрөктүн шаттыгын 
Дал ушундай тойлоңуз!

Келе бербес ыңгайга
Мындай шартту күн кайда?
Ойноңуздар агайын 
Бийлеңиздер мындайда.

Бийле бийле, сулуу кыз
Бийлегенден талбаңыз
Былкылдасын муунуңуз
Кырсылдасын манжаңыз

Бийле,жеңе,бийлегин!
Мына тойлор күн келди 
Салабатуу агабыз
Бийге тартсын жеңемди!
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Бис бис дымись канабис  Пять ночей с фредди  Я слышу сердце стучит  Мы к вам заехали на час  Лок док секс и виски  Из мф Маша и медведь  Триагрутрика feat Смоки Мо - На работу  Mi lacacni Sevak Amroyan 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен