Барам сага (минус) (исполнитель: Мирбек Атабеков)

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманда бүркүт шаңшып учкан кезде. 
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, 
Самашып сагынычымды, Самашып сагынычымды уккан кезде, 
Барам сага!  

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, 
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде. 
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, 
Көп күндөр арабыздан, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, 
Барам сага!  

Ширесин карагаттар чачкан кезде, 
Ажарын жоогазындар ачкан кезде. 
Кучактап бейкутчулук түн коюнун, 
Күн нуру уясына, Күн нуру уясына баткан кезде, 
Барам сага!  

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, 
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. 
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей, 
Алтын ай асман дагы, Алтын ай асман дагы толгон кезде, 
Барам сага! Барам сага!
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Son defa последний раз Ismail yk  Денежки из фильма Сказ о розовом  Ханна Монтана Навсегда - Будешь  Не нарывайся Dj Винни Пук  Yellow Claw - Allermooiste Feestje Ft Mr Polska  Добрые молодцы  Слышу я вой  Песня той бонни 
О чем песня
Мирбек Атабеков - Барам сага (минус)?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен